Бүгүн, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Кытай өндүрүшүнүн коронавирус инфекциясына каршы "Синофарм" эмзатын алды.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт, аны баардыгы ала алышат! Эмдөө - өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүү болуп эсептелет.

Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө кайрылсаңыз болот: 546521, 546104.

Эске салсак, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору кытайлык өндүрүүчү Beijing Institute of Biological Product Co.Ltd компаниясы аркылуу 150 миң доза  “Синофарм” инактивацияланган эмзатын алган. Эмдөө 25-28 күндүн аралыгы менен эки жолу жүргүзүлөт. Бул эмзат менен эмдөөдөн кийин терс таасирлери байкалган жок.