Массалык маалымат каражаттарында 3-майда кичи автобустардын айдоочулары иш таштоо жана линияга чыкпай тургандыктары тууралуу маалымат пайда болду.

Урматтуу шаарыбыздын тургундары! Урматтуу айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү маселеси менен иштеп жатат.

Тарифти өзгөртүү чечими мыйзам боюнча Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат, муниципалитет токтомдун долбоорун сунуштайт.

Долбоор депутаттардын кароосуна берилгенге чейин, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык баскычтардан өтүшү керек -  бул экспертиза, тиешелүү органдардагы жөнгө салуучу таасирлерди талдоо, комиссиянын кортундусун алуу, эң башкысы, маселе шаардыктардын коомдук талкуусунда каралышы керек.

Бишкек шаарындагы коомдук транспорттогу тариф боюнча жөнгө салуучу таасирди талдоону иштеп чыгуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жумушчу топ түзүлгөн.

Жөнгө салуучу таасир боюнча аналитикалык кат даярдалып, бүгүнкү күндө экономикалык көрсөткүчтөр, кемчиликтер четтетилүүдө. 26-апрель дүйшөмбү күнү жөнгө салуучу таасир боюнча аналитикалык кат коомчулуктун талкуусу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жарыяланат, кийин КРнын Өкмөтүнүн 30.09.2020. №504 токтому менен бекитилген ченемдик укуктук актыларына жөнгө салуучу таасирди өткөрүү методикасына ылайык КРнын экономика жана каржы министрлигине жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, муниципалдык транспорт, автобус жана троллейбустар штаттык режимде иштеп жатат.

Урматтуу жеке кичи автобустардын айдоочулары! Биз сиздерди угуп, түшүнүп жатабыз. КРнын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү иштерди жүргүзөбүз. Коомдук транспорт үзгүлтүксүз иштеши керек!