Урматтуу шаардыктар!  "Белинский" суу алгычында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 26-апрелде саат 9:00дөн кечки 20:00гө  чейин Фрунзе, Күрөңкеев, Абдрахманов көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары чектешкен аймакта таза суу убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" ЖЭБи келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолорду  1533 кыска номерине   калтырыңыздар. Ошондой эле, мэриянын колл-борбору күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу бардык кайрылууларды   кабыл алат. ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун  _0554 182-185 номерине жөнөтсөңүз болот.