Шаар ишин улантууда. Шаардыктарды келерки кышта жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында борбор калаанын мэриясы 2021-2022-жылытуу мезгилине даярдык көрө баштады.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын адистери ички жылуулук менен камсыздоо тутумдарынын алдын-алуу иштерин башташты.

Ишкананын жумушчулары үйлөрдүн лифт бөлүмдөрүндө жана үйлөрдүн жер төлөлөрүндөгү жылуулук тармактарында инженердик жабдууларды оңдоп жатышат.

Урматтуу шаардыктар! Үйлөрүңүздүн жер төлөлөрүндөгү инженердик жабдууларга жакшы кам көрүшүңүздөрдү суранабыз, анткени алар сиздин батирлерди жылуулук менен камсыз кылышат, алардын курамында инженердик коммуникациялардын бөлүктөрү, жылытуу жана суу менен камсыздоо  түтүктөр бар.