Бүгүн борбор калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков Бишкек шаарындагы транспорттук компаниялардын жетекчилери, жүргүнчү ташуучу ассоциациялардын төрагалары жана жеке кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда шаардык коомдук транспорттордо, анын ичинде кичи автобустарда жол жүрүү тарифин жогорулатуу, ошондой эле айдоочуларга салык жыйымдарын азайтуу маселелери талкууланды.

Вице-мэр бардык маселелер укуктук талаада чечилиши керектигин,  Бишкек шаарынын мэриясы бул багытта иш жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

Айдоочулардын  нааразычылык акцияларын уюштуруп коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратуусу бул шаардык муниципалитет менен транспорттук компаниялардын ортосундагы келишимдерди бузуу болуп саналат.

Өз кезегинде айдоочулар баалардын тез арада көтөрүлүшүн талап кылышкан, антпесе каттама  чыкпайбыз деп коркутушкан.

УКМКнын Бишкек шаары боюнча кызматкери С.Канаев шаардык транспорт кызматтарына деструктивдүү күчтөрдү аныктоодо жардам көрсөтүлө тургандыгын кошумчалады. Бул күчтөрдүн максаты эки жактуу келишимдин тараптарына диверсия жана жасалма жол менен коомдук терс пикирди жаратуу.  Мындай адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартыларын белгиледи.

Вице-мэр борбор калаанын мэриясынын мыйзамды бузууга укугу жок, бардыгы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде болушу керектигин кабарлады.

Вице-мэр тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл аларын кошумчалады. Токтомдун долбоорун шаардык депутаттардын кароосуна киргизүүдөн мурун, документ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, белгиленген ченемдик укуктук актылардын бардык баскычтарын өтүшү керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504-токтому менен ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы бекитилген.

Методикага ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда  жөнгө салуучу таасирдин талдоо методикасын жетекчиликке алышат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлиги, ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирдин талдоонун экспертизасы боюнча ыйгарым укуктуу орган катары, жөнгө салуучу таасирдин талдоо методикасына ылайыктуулугун текшерип, жөнгө салуучу таасирдин талдоону өткөрүү процессинде коомдук консультациялардын сакталышына экспертиза жүргүзөт.

Адистештирилген методиканы (экономикалык таасирди талдоо методикасы, укуктук, коррупцияга каршы талдоо жана атаандаштыкка таасирин талдоо) бекитет.

Ушул жарлыктын негизинде, Бишкек шаарынын  мэриясынын буйругу менен, Бишкек шаарынын коомдук транспортторундагы тарифтер жөнүндө БШКнын жарлыгынын долбоору боюнча жөнгө салуучу таасирди талдоону  иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун курамына жүргүнчү ташуучулардын, транспорттук жана башка бирикмелердин өкүлдөрү кирген.
Ошондой эле, мэриянын сайтында ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жарыяланып, коомдук транспорт чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну талкуулоо башталгандыгы жарыяланган https://www.meria.kg/ru/post/21432 .

Мындан тышкары, шаар тургундарына Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин профилдик комиссиянын кароосуна жөнөтүлө турган “Бишкек шаардык кеңешинин транспорт жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору боюнча НОРМАТИВДҮҮ ЭСЕРДИН ТАЛДАМАСЫ https: // www. Meria.kg/ru/post/21511   жарыяланган.

Бирок, сын-пикирлер айтылып, бүгүн экономикалык көрсөткүчтөр иштелип жатат, кемчиликтер жоюлууда.
Биринчи этаптагы профилдик комиссиянын корутундусуна ылайык, мэрия документти шаардыктардын кароосуна коомдук талкууга чыгарат.

Ошондой эле, борбордук мэрия Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун ишин укуктук жөнгө салууну талкуулоо башталганын жарыялады.

26-апрелде, дүйшөмбү күнү, иштелип чыккан жөнгө салуучу таасирди талдоонун документи коомдук талкуулоо үчүн Бишкек мэриясынын сайтына жарыяланат.

Талкуулар беш күнгө созулат. Талкуудан кийин, жөнгө салуучу таасирди талдоо жөнүндө документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504-токтому менен бекитилген ченемдик укуктук актынын долбоору үчүн жөнгө салуучу таасирди талдоону өткөрүү методикасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигине жөнөтүлөт.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу коомдук транспорттун жана маршруттук таксилердин иштешине жооптуу жана келишимдик милдеттенмелерди аткарган жүк ташуучу фирмалардын мамлекеттик өнөктөшү.