30-октябрдан баштап Бөкөнбаев көчөсүндө Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө эки тараптуу кыймыл уюштурулат, ошондой эле  Киев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн  Ибраимов көчөсүнө  чейин бир тараптуу кыймыл болот.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы жогоруда көрсөтүлгөн өзгөрүүлөргө түшүнүү менен карап, жолдо жол кыймылынын эрежелерин сактооӊуздарды өтүнөт.