Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504-токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын ишкердиктин субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 46-беренесине ылайык, “Аналитикалык жазуу жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен, коомдук талкуу үчүн иштеп чыгуучу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Талкуу учурунда келип түшкөн сунуштар Реестрге киргизилет, ал ошондой эле иштеп чыгуучу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Реестрге киргизилген сунуш үчүн иштеп чыгуучу органдын позициясын берүү мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө болот", Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин долбоорун талкуулоону мурда айтылган сунуштарды эске алуу менен жарыялайт.

АРВ-кыргыз тилинде.pdf

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди почта аркылуу күтөбүз: transport305@mail.ru