Бүгүн, биринчи жолу шаар күнүнө карата борбор калаада электромобилдердин жана экомотоциклдердин жүрүшү өттү.

Экологиялык таза автоунаалардын колоннасы “Ден-соолук” сейил багынын түндүк тарабы, М.Гшлессера көчөсүнөн жүрүштү баштадык. Биз Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден-соолук” сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтып келдик.

Жүрүштү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жетектеди.

Шаардыктардын, айдоочулардын коопсуздугу үчүн колоннаны Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмүнүн 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрдү.

Белгилей кетсек, жүрүш Кыргызстандагы электр транспортун, тактап айтканда экомотоцикл идеясын жайылтуучу Ecobike, электр транспорт салонунун колдоосу менен өттү.

Баса, 28-апрелге карата «УНАА» Мамлекеттик каттоо кызматынын реестринде 203 электромобил катталган, анын 150сү Бишкек шаарында.