Шаар тургундары үчүн «Тамашоу» жана Шайыр тапкычтар клубу («Позитив» командасы), райондун аймагында жайгашкан музыкалык учлилищада, ЖОЖдордо окугандар майрамдык концерт тартуулашты. Ошондой эле, “Авангард”-Арт дефилеси көрсөтүлдү.

Ар түрдүү конкурстар жана флешмобдор уюштурулду. Жеӊүүчүлөр үчүн райондук администрация тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн футболкалар, “Ретро-Метро” түнкү клубуна чакыруулар, “Империю пиццы” жана “Золотой ресторанына” тамактанууга тастыктамалар берилди.

Концерт кыргыз эстрада жылдыздары - Иса Омуркулов, Гульзада Рыскулова, Нэна, “Нон стоп” дуети,  Мээрим Карыпова жана «Санжыра» бий тобу, “Энергобит” добулбасчылар тобу, Айыма  Айылчиева жана  Аяна Касымованын катышуусунда шаӊга бөлөндү.