Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч, оорунун көбөйүшү байкалууда. 29-апрелге карата Бишкек шаарында жаңы катталган коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 224 учурду түздү.

Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде 588 адам тез жардам кызматына кайрылышкан, чалуулардын саны 1767 түзүп, бригадалар 456 чакырууга барып, 135 адам ооруканага жаткырылган, анын ичинен 22 адам COVID-19, 43 пневмония, 3 адам курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган шаардыктар.

Бүгүнкү күндө борбор калаада 22 мобилдик топ иштеп жатат. Өткөн суткада 389 чакыруу тейленип, ПЧР - изилдөө жүргүзүү үчүн 557 мазок алынды. Белгилей кетсек, медициналык топтор өзүн-өзү диагностикалоо үчүн 118 Call-борборго кайрылгандарды кзмлг алышат. Жыл башынан бери Call-борборго 16974 чалуулар келип түштү, алардын ичинен COVID-19 деп шектелген 9685 учурга анкеталар толтурулду.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап тагынып, колуңуздарды жууп жана аралыкты сактаңыздар. Сиздерден өзүңүздөрдү дарылабай, ден-соолугуңуздарды сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоону өтүнөбүз. Эгерде сиздер  ооруп жатканыңыздарды сезсеңиздер, анда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыздар болот. Дарыгерлер ар дайым сиздерге керектүү жардамды берүүгө даяр.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин регистратураларынын жана ишеним телефондорунун номурлары:  КОВИД номера ОЦСМ и рук-й (1).docx