Урматтуу шаар тургундары! Урматтуу меймандар! 

Сиздерди Бишкек шаарынын 143 жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Баарыбыз үчүн өзгөчө шаар болуп саналган Бишкегибиз өлкөбүздүн борбору, жан дүйнөсү жана жүрөгү. Биз үчүн баардыгыбызды жүрөгүнө батырган, өнүгүп өсүүгө демилге берген, терең ишенимге жана асыл максаттарга кубаттаган, жаркын келечекке үндөгөн, сүйүктүү шаарыбыз боло берет.

Бүгүнкү күндөгү жигердүү аткарылып жаткан иштерибиз Бишкек шаарынын келечекте өнүгүп өсүүсүнө негиз болуп берсин деп жапа тырмак аракет кылуудабыз. Шаар күнүнө карата борбор калаабыз атын алып жүргөн даназалуу Бишкек баатырдын айкели орнотулду, жаңы гүл бакчаларды жана сейил бактарды куруп ачуудабыз. Шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуунун үстүндө алгылыктуу иштерди уланта беребиз.

Бир миллиондон ашык калкы бар Бишкекте жашаган урматтуу ардагерлерибиздин, билимдүү жана аракетчил жаштарыбыздын, мээнеткеч ага-эжелердин өбөлгө демилгелерин, чоң салымын өзгөчө белгилеп кетишибиз керек.

Шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө ар тармактуу өндүрүштө жана калкка кызмат көрсөтүү багыттарында иштеген, шаарыбызды көрктөндүргөн, жаштарды билимге сугарган, келечек ээлерин татыктуу тарбиялаган мээнеткеч шаардыктардын эмгегине чон ыраазычылык билдирип, ыракматыбызды айтабыз.

Кыргыз Республикасынын борбору - эртең жана келечекте заманбап технологиялардын бүт мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган, өнүккөн, кооз, жашыл, уникалдуу, ыңгайлуу, коопсуз жайлардан болуп, шаар тургундарына тийиштүү шарттар түзүлгөн, жаштарыбыздын сүйүктүү борбору болушу үчүн билимибизди, аракет күчүбүздү, демилге кубатыбызды жумшайбыз.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Ар кимдин өзүнүн кичи мекени бар экендигине карабастан, борбор калааны сүйө жана баалай билиши зарыл. Бишкек – бул сиздер менен биздин үйүбүз. Биз үйүбүздү көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Урматтуу шаардыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Шаар күнү, Бишкектин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалаймын. Ар бир үйгө береке толуп, борборубуз – Бишкек мындан ары гүлдөп өнүгүп өсө берсин!