Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жаңжал чыккан аймактан эвакуацияланган Баткен облусунун жашоочулары үчүн атайын эсепке бир күндүк эмгек акыларын которушат.

Мындан тышкары, шаардык муниципалитет райондук акимиаттар менен биргеликте 6 миллион сомго жакын гуманитардык жана материалдык колдоо көрсөттү.

Оор мезгилде мекендештерге колдоо көрсөтүү үчүн ыктыярдуу жыйымдардын бирдиктүү атайын эсеби ачылды.
• Атайын эсеп: 4402061213012249
• ИНН: 01710199610068
• Алуучунун банкы: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы
• БИК: 440001
• Төлөм коду: 14411100
• БИК: 440206 КАБ же КИБаркылуу өткөрүп жатканда. КАБ (казына аралык буйрук), КИБ (казына ичиндеги буйрук)


Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Эгерде сиздер мекендештерге колдоо көрсөтүүнү кааласаңыздар, анда  калаанын ар бир акимиатында түзүлгөн райондук штабдарга кайрылыңыздар. Райондордо  гуманитардык жана башка жардамдарды чогултуу аянтчалары түзүлдү. Жардамдарды чогултуу күндүз жүргүзүлөт.

Толук маалыматты социалдык маселелер боюнча биздин акимдердин орун басарларынан алууга болот:

• Ленин району: 0774 007 735, Чүй проспектиси 315;
• Биринчи май району: 0990 999 444, Ж.Жолу проспекти, 495 Б, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын имараты;
• Свердлов району: 0999 855 558, Б.Мамбетов көчөсү,  Чыгыш-5 кичи району, №66 окуу-тарбиялык комплекси;
• Октябрь району: 0559 038 585, А.Токомбаев көчөсү, 3/1 дарегиндеги "Муниципалдык набайкана" МИнин имараты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын алдында ыктыярчылардын штабы иштеп, биз кыргыз элин колдоо боюнча аракеттерди бириктирип жатабыз.

Бишкек шаарынын мэриясы Баткендеги чек арада болуп жаткан окуяларга тынчсызданууда. Биз өз компетенциябыздын чегинде бул кырдаалды жөнгө салууда ар тараптуу жардам берүүгө даярбыз. Күч биримдикте!