Шаардыктар КОВИД-19 вакцинасын алууну улантууда.

Эске салсак, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору  Кытайдын Sinopfarm кытай өндүрүшүнөн 150 миң доза вакцина алган, анын 30 миң 400 дозасы Бишкек шаарына бөлүнгөн.

Ошондой эле 22-апрелде аталган борбор тарабынан  "Гам-Ковид-Вак" (Sputnik V) орусиялык  өндүрүшүнөн 20 миң доза алынган, анын 6000 дозасы борборго берилди.

29-марттан бери 5 миң 527 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен: Sinopfarm - 3,590 адам, Sputnik V - 1,937 адам.

Вакцина 1172 дарыгерге, 225 мугалимге, 30 аскер кызматкерине, 158 мамлекеттик кызматкерге, 65 жаштан жогорку 1715 адамга, 2227 башкаларга жасалды.

Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:
• Ленин районунун БҮМБ- 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май районунун БҮМБ- 32 55 71; 0550 701 002;
• Свердлов районунун БҮМБ- 63 51 22; 0505 286 670;
• Свердлов районунун №4 ҮМБ - 0709 828 314;
• Свердлов районунун  №8 ҮМБ  - 0551 117 744;
• Свердлов районунун №9 ҮМБ  - 0778 376 662;
• Биринчи май районунун №14 ҮМБ - 0500 008 208;
• Биринчи май районунун №16 ҮМБ - 0550 651 170;
• Октябрь районунун №15 ҮМБ- 0703 210 476;
• Октябрь районунун  №19 ҮМБ- 0709 655 540;
•Ленин районунун Калыс-Ордо жаңы конушундагы  медициналык амбулатория, №13 ҮМБ   - 0550 500 845;
• Свердлов районуна караштуу “Учкун”, “Бакай-Ата”, “Кара-Жыгач” ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0505 286 670;
• Свердлов районунун «Кара-Жыгач» жаңы конушунун №8 ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0551 117 744;
• Биринчи май районундагы №14  ҮМБ  “Ак-Бата”, “Ак-Босого” жаңы конуштарындагы медициналык амбулаториясы - 0500 008 208;
• Темир жол ооруканасынын поликлиникасы - 0773 261 250.

"Гам-Ковид-Вак" эмдөөсү (Sputnik V)  төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:
• Октябрь районунун БҮМБ - 57 09 15: 0703 293 793 ;;
• Ленин районунун БҮМБ №2 ҮМБ  - 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май району БҮМБ №7 ҮМБ - 0550 151 528;
• Свердлов району БҮМБ №8 ҮМБ - 63 51 22; 0505 286 670.

Белгилей кетсек, эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан жүргүзүлөт.

Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор менен "Эмдөө" ишеним номерине: 313297  жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө  0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.