Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги борбор шаарыбыздын жашоочулары менен туруктуу жана ыкчам байланышта.

Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу бекитилген графикке ылайык шаардыктарды жеке кабыл алды.

Жолугушууга 9 шаар туругуну келип, негизинен кайрылуулар жерди мыйзамдаштыруу, ижарага берүү, ар кандай объектилерди куруу жана турак жай бөлүп берүү боюнча болду.

Бишкек шаарынын тургуну Ормоков О., Мурманск көчөсү, 6а дарегинде жайгашкан жеке турак жай курулушун мыйзамдаштыруу маселеси менен келди.

Ошондой эле, А.Тойчиева “Мурас-Ордо” конушуна дренаж орнотуу маселеси боюнча вице-мэрге кайрылды.

Шаардыктардын баардык өтүнүчтөрүн, сунуштарын жана даттанууларын кунт коюп уккан вице-мэр тиешелүү кызматтарга жана муниципалдык райондук администрациялардын башчыларына шаардыктардын бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде тез арада карап чыгууну тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу: 61-07-33 телефон номуру аркылуу байланышта.

Бардык кайрылуу жана арыздарды мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары аркылуу күнү-түнү кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.

Шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармагындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар тез арада Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырылат.