Кечинде Бишкек шаарынын мэриясынан жүк ташуучу унаалар чыгып кетишти, биз Баткен облусуна 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттүк.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жүк ташуучу унаалардын колоннасынын жөнөтүлүшүн жеке өзү көзөмөлдөп, шаардыктарды тынчтыкка чакырды.

Гуманитардык жардамды Бишкек шаарынын Патрулдук милиция бөлүмү жана турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча борбордун вице-мэри Ж.Ырсалиев коштоп барышат.

Шаардын төрт административдик районунда гуманитардык жана башка жардамдарды чогултуу үчүн жергиликтүү кабыл алуу аянтчалары түзүлгөн.

Биз мекендештерибизди колдоо үчүн бардык күч-аракетти жана ресурстарды бириктирдик. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын алдында борбор калаада коомдук тартипти сактоо жана Баткен облусунун жабыркаган тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Штабды вице-мэр Русланбек Акылбеков жетектейт.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жардам чогултуу уланууда.

Толук маалыматты акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарларынан алсаңыздар болот:

• Ленин району: 0774 007 735,  дареги: Чүй проспектиси, 315;
• Биринчи май району: 0990 999 444, дареги: Ж.Жолу проспекти, 495 Б, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын имараты;
• Свердлов району: 0999 855 558, дареги: Чыгыш-5 кичи району, Б.Мамбетов көчөсү,  № 66- Гимназия мектебинин окуу комплекси;
• Октябрь району: 0559 038 585, дареги: А.Токомбаев көчөсү, 3/1, "Муниципалдык нан бышыруу" муниципалдык ишканасы, А.Токомбаев көчөсү, 3/1.

Күч бирдикте!