№181- бала бакчанын тарбиялануучулары жана алардын тарбиячылары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Киреев Анатолий Никоноровичке барып, аны келе жаткан 9-май Жеңиш майрамы менен куттукташты.

Киреев Анатолий Никонорович 1927-жылы 3-октябрда Кемерово шаарында туулган.

Ал 1944-жылдын декабрында Украина фронтторундагы согуштук аракеттердин катышуучусу, кийин Германияда 1945-жылдын июль айында согуштук аракеттерге катышкан. Согуштан кийин Анатолий Никонорович Кемерово облусунун шахта башкармалыгында иштеп, 60-жылдары Фрунзе шаарына көчүп келип, пенсияга чыкканга чейин өнөр-жай ишканаларында иштеп, эмгек ардагери наамын алган.

Аскер сыйлыктары: Ата Мекендик согуш ордени, "Аскердик артыкчылыгы үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медалдары.
Белгилей кетсек, шаардык социалдык коргоо органдарында 650 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери каттоодо турат, анын ичинен 9 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 32 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 11 жашы жете элек концлагерлерде кармалаган балдар, 10 Ленинград блокадчысы, 204 тыл эмгекчилери, согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын 382 жесир аялдары, 1 эмгек армиясы, 1 Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгон жоокердин үй-бүлөсү.