№26, №63, №17, №35, №67 жана №24- мектептери карантинден чыгып, окуу процессин оффлайн  режиминде баштады.

3- майга карата 10 мектеп аралыктан окутууну улантууда, булар: №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88 мектептер.

Мындан тышкары,  25 класс  аралыктан билим алып, мектептер өз ишин улантууда.

2068 окуучунун ата-энеси  аралыктан билим алуу тууралуу   арыздарын  калтырышты.

Урматтуу  шаардыктар! Ар бириңиздерден санитардык  нормаларды  сактоону суранабыз: беткап тагынып, жеке гигиенаны сактаңыздар, антисептик каражаттарын колдонуп, аралыкты сактап, коомдук  жайларга баруудан баш тартыңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!