Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясында техникалык кеңештин жыйыны болуп өттү.
Биз коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин бузгандарга каршы күрөшүү боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын талкууладык.

Жылуу аба ырайы башталгандан бери, жер жумуштарынын саны көбөйдү. Тилекке каршы, көптөгөн шаардыктар жана ишкерлер ордер, башкача айтканда, уруксат кагазын албай, жер казуу жумуштарды жүргүзүп, казылган жерлерди кайра калыбына келтирбей, жашылдандыруу эрежелерин бузушууда. Жол курулуштарына зыян келтирилгендиги үчүн Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинини 119-беренеси боюнча 62 протокол түзүлүп, 886 миң 100 сом өлчөмүндөгү айып пул салынган.

Урматтуу шаардыктар! Үйүңүздөрдүн жана кеңселериңиздин жанында тазалыкты жана тартипти сактаңыздар. Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы: 0705 564 756 номери аркылуу байланышта.