Өткөн суткада борбор калаада коронавирустук инфекция менен жугуштуу пневмониянын 139 учуру аныкталды.

4-майда дагы эки билим берүү уюму - №66 жана №93 мектептери  онлайн режимине өттү. 10 мектеп:  № 61, № 70, № 6, № 11, № 12, № 65, № 33, № 62, № 64 жана № 88 учурда карантинде.

Мындан тышкары, 32 класс аралыктан окутулуп,  мектептер өз ишин улантууда.

Эске салсак, борбор калаадагы №26, №63, №17, №35, №67 жана №24 мектептери   карантинден чыгып,  келип,  оффлайн режиминде окуу процессин улантууда.

Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! Билим берүү бөлүмүнүн адистери, врачтар жана эпидемиологдор эпидемиологиялык кырдаалды  көзөмөлдөп, пандемия доорундагы билим берүү процессине мониторинг жүргүзүшөт.

Учурдагы абалды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз. Жакында биз билим берүү мекемелеринин ишин толугу менен жандандырабыз деп терең ишенебиз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!