Шаар жумушун улантууда. Капиталдык курулуш жүрүп жаткан көчөлөрдө иш кызуу жүрүүдө. "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери талыкпай иш алып барууда.

4- майга карата 6 обьекте курулуш ишинин 50% жыйынтыкталды.

Исакеев көчөсүндө Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки тилкеге эски асфальтты сыйруу иштери аткарылды. Учурда тосмолорду (бордюр) орнотуудабыз.

Гражданская көчөсү Т. Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки жолдун кыртышын жумшартуу, тегиздөө иштери бүттү. Жээк таштар орнотулуп, асфальтоого даярдоо иштери аткарылууда.

Армейская көчөсү Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетова көчөсүнө чейинки тилкеде кирүү жолдору, жээк таштар орнотула турган жерлер даярдалууда. Оптималдык шагыл аралашмасы төгүлдү. 4-майга карата жол тосмолордун (бордюр) 30% орнотулды.
Левоневский көчөсүндө жээк таштар орнотулууда. Ирригациясы ирээтке келтирилип, жөө адамдар басуучу жолдун орду даярдалууда.

Васильев көчөсү Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки тилкеде арык плиталары экскаватордун жардамы менен алынууда. Арыктар тазаланып жатат.

Алтынчы Пишкекская көчөсү Д. Сяопин проспектинен Жамгырчинов көчөсүнө чейинки түтүктөрдү бетондоо иштери аркарылууда. Таман таштар алынып, кудуктар оңдолуп жатат.

Ошондой эле, 7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисине чыгуучу жолду салуу кызуу жүрүүдө.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкекасфальтсервис" МИнин ишмердүүлүгүнө байланыштуу кайрылууларды (сүрөт жана видео) WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот: 0550 888162.