Бүгүн “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Абдрахманов көчөсүндөгү бак-дарактардын планга негизделген санитардык кыркуу иштерин жүргүзүп жатып, №1 үйдүн алдыңкы кабатында жайгашкан “Монеточка” кичи-маркетинин жанында үч даана куурап калган бакты байкашкан.

Тилекке каршы, кимдир бирөө 12-15 см тереңдикте тешик оюп, ага атайын мүнөздүү жыты бар химиялык затты киргизген.

Окуя болгон жерге, курамын “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Санитардык-экологиялык инспекциясынын адистери, Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору жана МАБ кызматкерлери түзгөн, атайын комиссия барган.

Бактарды атайылап жок кылууга аракет кылынып, аёосуз мамиле жасалгандыктан, тилекке каршы, дарактар куурап калган деген жыйынтыкты комиссия курамы берди.

Урматтуу шаар тургундары!! Муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Эгерде сиздер ушундай тартип бузууларга күбө болсоңуз, дароо 102 номерине чалып милиция органдарына билдирүүнүздөрдү суранабыз.