Бишкек шаарынын мэриясынын жамааты калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаеванын  кызматтан кетиши тууралуу билдирүүсүн түшүнбөстүк деп кабыл алат.

Борбордун муниципалитетинде иштөө психологиялык жактан да, физикалык жактан да оор. Социалдык маселелер боюнча вице-мэрдин позициясы өтө жооптуу, эмоционалдык жактан татаал экендигин түшүнүп жатабыз. Айжан Адамкалыевна социалдык багыттан тышкары, борбордогу пандемияга каршы күрөштү көзөмөлдөйт. Мындан тышкары,  Баткен элине  гуманитардык жардамды чогултуу жана жайылтуу боюнча активдүү катышуучу экендигин белгилейбиз. Биз анын ишине жан дүйнөсү менен берилгенин жогору баалайбыз.

Бишкек шаарынын мэриясы вице-мэрдин баракчасындагы видеону баарыбыз үчүн оор мезгилде топтолгон эмоциялардын жарылышы деп эсептейт.

Айтмакчы, расмий түрдө Айжан Чыныбаева дагы эле Бишкектин учурдагы вице-мэри болуп саналат, анткени,  өз каалоосу менен кетүүгө эч кандай арызын калтыра элек.