Кечээ күнү “Ихсан-Хайрия” кайрымдуулук фонду Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу астында, ыйык рамазан айында орозо кармап жатышкан борбор калаабыздын жашылдандыруучуларына 200 тамаш-аш себетин тапшырышты.

Тамак-аш себети абдан керектүү болгон эт, май, чай, кум шекер, күрүч, кесме жана ун азыктарынан турат.

Бишкек шаарынын мэриясы жана “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы “Ихсан-Хайрия” кайрымдуулук фондуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн  чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.