Шаар өз ишин улантууда. Борбордун мэриясы 2021-жылдын титулдук тизмесине ылайык мектептер менен бала бакчаларды иретке келтирүүдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгы Билим берүү башкармалыгынын билдирмеси боюнча, билим берүү мекемелеринде оңдоо иштерине тендер жарыялайт.

№131 балдар бакчасында электр монтаждоо иштери жүргүзүлүп, полдору оңдолот, №185 бала бакчасында терезе блокторун алмаштыруу керек, №26 бала бакчанын санитардык түйүндөр бөлмөлөрүндө полдорду капиталдык оңдоо талап кылынат жана№135 бала бакчасынын чатыры оңдолот.

№50 мектеби жумшак рубероид чатыры оңдоону талап кылат, №72 мектебинин ички жылуулук тутуму оңдолот, ал эми №2 мектебинин канализация жана суу менен камсыздоо тутумун оңдоо пландалууда.

Капиталдык ондоого каражат шаардык бюджеттен каралган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Тендерлер боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg