Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! №12 бала бакчага жаңы кошумча корпустун курулушу кызуу жүрүп жаткандыгын жана жакында бала бакча балдарга өз эшигин ачарын кубануу менен билдиребиз.

Аянты 500 чарчы метрди түзгөн бир кабаттуу имараттын курулушу аяктады. Анда музыка залы, уктоо жайы, оюн, жуунучу бөлмөлөр жана директордун иш бөлмөсү, ошондой эле техникалык бөлмөлөр да каралган.

6-майга карата жалпы жумуштун 85% аяктады: шыбак жумуштары, чатырды жабуу, терезелерди орнотуу, тышкы дубалдарды жана шыптарды жылуулоо, ички электр жумуштары бүткөрүлүдү. Ички канализация, суу менен камсыздоо иштери, ошондой эле жылытуу тутумдары да бүткөрүлүп, жылуулук трассалары тартылып, буу казанына туташтырылды.

Учурда тышкы тармактар орнотулуп, эмеректер жасалып жатат.

Курулуш иштери болжолдуу түрдө жайдын аягында бүтөрү белгиленүүдө.

"Рустехстрой" компаниясы объектиде Капиталдык курулуш башкармалыгынын буйругу менен иш жүргүзүдө. Каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатат.