Быйыл 29-апрелде шаарыбыз 143 жылдык мааракесин белгиледи. Майрамдын урматына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардык кызматтардын кызматкерлерине жылуу ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясына ыраазычылык каттарын жана ардак грамоталарын тапшырды.

Бишкек мэриясынын ыраазычылык баракчалары төмөнкүлөргө ыйгарылды:

1. Боржокеев Жеңишбек Райымкулович - "Бишкек троллейбус башкармалыгы" МИнин троллейбус айдоочусу;

2. Боромбаев Таалайбек Качкынович - "Бишкек санитардык полигону" МИнин өндүрүш участогунун кызматкери;

3. Джумалиев Сапар Мырзагулович - "Тазалык" Минин айдоочусу;

4. Исмаилов Жылдызбек Кемелбекович - "Бишкекасфальтсервис" Минин жол мастери;

5. Исмаилова Назира Турдумбаевна - Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды социалдык адаптациялоо борборунун тарбиячысы;

6.Калдыралиев Камил Бөрүбаевич - "Бишкектеплоэнерго" КИнин авариялык оңдоо кызматынын башчысы;

7. Манакеев Каныбек Рыспекович - "Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин"  автопаркынын айдоочусу;

8. Мырзалиев Нурсултан Мырзалиевич - Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жол транспорттук инфраструктурасы жана жол кыймылын уюштуруу бөлүмүнүн адиси;

9. Табалдиев Рыскул Табалдиевич - "Бишкексууканал" башкармалыгынын суу менен камсыздоо кызматынын башчысы;

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы төмөнкүлөргө берилди:

1.Абдылдаев Казыбек - Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин коменданты;

2. Акматалиева Жаркын Максүтовна - №34 мектептин башталгыч классынын мугалими;

3.Асанкадыр Советшан - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын шаардык иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы;

4. Асамбаев Таалайбек Качкынбаевич - Бишкек шаарындагы №3 Стоматологиялык поликлиниканын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары;

5. Байгазаков Асылбек Топчубавич - "Меди ЛТД" ЖЧК клиникасынын башкы дарыгери;

6. Бейшеева Мунара Шадыкановна - №21 мектептин башталгыч классынын мугалими;

7. Буудайбекова Атыргүл Масалбековна - Бишкек шаарынын Биринчи май районунун БҮМБнун директорунун уюштуруу-усулдук иштери боюнча орун басары;

8. Волкова Ирина Гилиевна - №47 мектептин физика мугалими;

9. Джумаева Элмира Темирбековна - Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жашы жете элек балдар үчүн реинтеграциялык борборунун директору;

10. Дүйшөбаев Абдыракман Раманкулович - нейрохирург, Кардио Азия Плюс медициналык борборунун башкы дарыгери;

11.Дягилева Наталья Константиновна - "Бишкексууканал" башкармалыгынын абоненттер менен иштөө боюнча участоктун жетектөөчү инженери;

12. Карагулова Аида Шайлообековна - СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү шаардык борборунун директору;

13. Кулубаева Жыпаркул Шаршеновна - №54 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

14.Курманалиев Джаныбек Джуматаевич - "Шаардык парктар" МИнин К.Ататүрк атындагы парктын кызматкери ;

15. Лабутина Людмила Ивановна - "Бишкекжылуулукэнерго" МИнин инженери;

16. Молдакунов Рахимбек Карыпович - "Бишкек троллейбус башкармалыгы" МИнин троллейбус айдоочусу;

17. Намазалиев Джумабек Саргулович - "Тазалык" МИнин коомдук жайларын тазалоочу.

Сиздердин ар бириңиздер  Бишкек шаарын  өнүктүрүүгө  орчундуу салым кошуп келе жатасыздар.  Биздин  шаар өлкөбүздүн борбору, жалпы мамлекетибиздин  жүзү болуп саналат.  Шаарыбыздын  жашоо-тиричилиги   үчүн   эң зарыл болуп эсептелген өтө оор жана  бийик жоопкерчиликтүү милдеттер Сиздерге жүктөлгөн.  Шаар калкына, балдарга жардам көрсөтүп, дарылап, билим берип, шаардык маанилүү иш-чараларды уюштуруп, шаарыбыздын тазалыгын жана коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап,  ар бир үйгө жылуулук берип, суу менен жабдып,  шаарыбызды   көрктөндүрүү, жашылдандыруу жумуштарын талыкпай  аткарып  келесиздер.

Кайратман эмгегиңиздер, чыныгы кесипкөйлүгүңүздөр,  ордо калаабызды жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө арналган ак ниет кызматыңыздар үчүн   Сиздерге терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, ишиңиздерге  ийгилик каалайм.