Мисалы: “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын кызматкерлери “Нарвский” көчөсүндөгү  даярдык  иштерин  аяктады.

Бул тилкеде  диаметрлери 32ммдан  50ммга чейин  200метрди түзгөн жылуулук  суу түтүктөрү  жаңыланды жана ошондой эле компенсатор алмаштырылды. Гидравликалык сыноолордон ийгиликтүү өттү.

Биз тармакты сактоо үчүн базальтка жаңы түтүктөрдү кийгизип жана атайын капкак менен жаптык.

Жылуулук трассасы пайдаланууга даяр.

Белгилей кетсек, бул тилкенин  жылуулук тармагы 1990-жылы курулган, азыркы учурда 2 турак үйдү жана почта бөлүмүн жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.