Бишкек шаарында бир туугандар көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко, Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Страчко,  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин райондук кеңешинин төрагасы  Маркил Ибраев катышты.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу менен эскерип, курман болгон жоокерлердин мемориалына гүл коюлду.

Эске салсак, бул көрүстөнгө Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда жаракат алган  кыргыз, орус, украин, белоруссия, казак жана башка бир тууган элдердин 248 мыкты уулдарынын сөөктөрү коюлган.