Бүгүн,11- май күнү борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы өттү.

Меморандумга шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Э.Ункуев жана «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасынын директору К.Усубаматов кол коюшту.

Меморандумга ылайык, «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасы бир жыл аралыгында борбордук каттамга Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жапон ISUZU маркасындагы 350 экологиялык, газ жана күйүүчү майы менен иштеген автобустарын жеткирүүнү милдеттенет.

Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 2021-жылдын 1-июлуна чейин чыгарылат.

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын экологиясын жана таза абасын сактап калуу маанилүү экенин айтып, буга байланыштуу коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүн алуу артыкчылыктуу экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2022-2023-жылдар аралыгында «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасы газ жана май менен жүрүүчү экологиялык автобустардын санын 1000 даанага жеткирүүнү пландаштырууда, анын ичинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9, 10, 12 метрлик автобустар бар.