Урматтуу шаар тургундары! Тилеке каршы борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, акыркы сутка ичинде 240 жаңы учур аныкталып, 5 адам каза болду. Ошол эле учурда айыккандардын саны 191.

Май айында эле коронавирустук инфекциянын 2138 учуру катталып, 38 адам каза болгон.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругуна ылайык, массалык иш-чаралар шаардыктар үчүн дагы деле кооптуу.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын чечими боюнча быйыл Орозо айт 13-майда белгиленет.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын чечимине ылайык, эски аянтта эртең менен салтанаттуу майрамдык айт намаз окулбайт. Айт намаз атайын белгиленген мечиттерде, санитардык эрежелерди так сактоо менен өткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Санитардык эрежелерди сактоону суранабыз.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!