Күз-кыш мезгилиндеги  таштандыларды чогултуу 2015-жылдын 1-ноябрынан 2016-жылдын 1-мартына  чейин жүргүзүлөт. Аба-ырайынын чукул өзгөрүшүнө (кар, суук) байланыштуу кышкы тазалып-жыйноонун башталышы жана аякташын Турак-жай чарба башкармалыгы жана Бишкек шаарынын ИИББ ЖККК тарабынан көзөмөлдөнөт.


Жолдордо коопсуздукту камсыз кылыш үчүн кар түшөрү менен жол тазалоо иштери башталат, бул үчүн кум жана техникалык туз колдонулат.


«Тазалык» муниципалдык ишканасы  жолдордун абалына көзөмөл жүргүзүүчү атайы бригадалар дайындап, алар жолдорго керек учурда кум, туз сээп турат.


Күз-кыш мезгилине карата 2946 тонна кум, 321 тонна туз даярдалды. Жалпы жонунан 7500 тонна кум жана 550 тонна туз талап кылынат. Учурда инерттүү материалдар шаар аймагына ташылууда.


"Тазалык" ишканасында бүгүнкү күндө 18 кар тазалоочу унаа, төрт грейфердик жүк ташуучу унаа, 15 самосвал, беш щеткалуу трактор жана Т-25 үлгүсүндөгү бир трактор ишке даяр.


Мындан тышкары, аялдама менен жөө киши баскан жолдорду кардан 590 киши тазалап, 113 жүк ташуучу жумушчу кол менен унааларга кар жүктөйт.