"Бишкасфальтсревис" муниципалдык ишканасы "Чыгыш-5" кичирайонундагы сейил бакты жаңы жабдуулар менен камсыздоодо.  

Чүй проспектисиндеги сейил бакчада «кол чатыр» түрүндөгү үч чатыр орнотулду. Көлөкө жаратуу үчүн темир каркаска, жыгачтан жасалган тилкелер жабдылды.

Ушул тапта, сейил бак иретке келтирип, таманташтар төшөлүп, отургучтардын жана таштанды челектердин көрүнүшүн жаңыртуудабыз.
Белгилей кетсек, сейил бак ишкана тарабынан 2019-жылы курулган.

Сейил бакта атайын сүрөткө түшүү үчүн кичи-Арбатта чоң LED экран, «Эйфел» мунарасынын, «Биг Бендин» жана Британиянын телефон буткасынын макеттери, «быйтыкчалар»,  фонтан менен айланган глобус жана өзүнчө фонтан орнотулган.

Кошумча көрктөндүрүү иштери демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлдү.