Кытайдан келген делегация биринчи жолу калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун чакыруусунда Бишкекке келишти. Кытай делегациясынын курамында 14 адам, анын ичинде Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун партиялык кызматкерлери, Урумчи шаарынын биринчи вице-мэри, ошондой эле, чоӊ ишкерлер.

Достук байланышты өнүктүрүү максатында Урумчи шаары Бишкек шаарына кайтарымсыз негизде 10 автобус белек кылды.

Бишкек шаарына эки күндүк сапарынын алкагында Кытай делегациясы КР Соода-өндүрүш палатасына, ошондой эле, Мамлекеттик тарых музейинде «Кыргызстандын алтыны» жана «Кыргыз элинин күмүш жасалгалары»   экспозициясына барат.