Бишкек шаарынын мэриясы "Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу чаралары жөнүндө" токтомго соода жана көңүл ачуу борборлорундагы балдар аянтчаларынын иштешине байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизди.

2021-жылдын 1-июнунан баштап соода жана көңүл ачуу борборлорунда балдар аянтчалары кайрадан иштей баштады. Бирок, аянтчалардын ээлери социалдык аралыкты жана оюн аянтчаларынын иштөө эрежелерин сактоо менен,  объект толтуруу ченемдерин 50% га гана кылышы абзел.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактаңыздар жана өзүңүздөргө кам көрүңүздөр!