Маршруттук таксилердин айдоочуларынын линияга чыкпай коюшуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалды чечүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы маалымат жыйынын өткөрдү.

Борбор калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков жана шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Эмил Ункуев журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Вице-мэр жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиргендей, жөнгө салуучу таасирди талдоо долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан жактырылган, токтом долбоору жакын арада шаардык парламенттин депутаттарына сунушталат.

Вице-мэрдин айтымында, январь айында тарифтерди көтөрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун мүчөлөрү кырдаалды иликтешип, материалдарды даярдашты, анда маселени чечүүнүн үч варианты сунушталды: жол кирени өзгөртпөө, кичи автобустарда тарифти 15 сомго чейин көтөрүү жана тарифти 19 сомго чейин көтөрүү.

Транспорттук компаниялардын жетекчилерин негизинен бир суроо - кичи автобустарда жүрүү акысы кайсы убакытта көтөрүлөт деген суроо кызыктырды. Шаар башчысы баардыгы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынышы керек деди.

Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Документ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген ченемдик укуктук актылардын бардык баскычтарын өтүшү керек экендигин мэрдин милдетин аткаруучу белгиледи.

Бүгүн, 2021-жылдын 2-июнунда тарифтерди көтөрүү боюнча токтом долбоору шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат. Бактыбек Кудайбергенов 2021-жылдын сентябрь айына чейин Бишкек шаардык кеңеши менен коомдук транспорттогу тарифтерди көтөрүү маселесин иштеп чыгууга убада берди.

Компаниялардын өкүлдөрү бобордун мэри менен макул болуп, маршруттук таксилердин айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылышты.