4-июнда борбор калаанын мэриясынын жыйын залында «СамАвто» Жоопкерчилиги чектелген коому чыгарган ISUZU япон маркасындагы автобустарды алып келүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Келишимге шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Ункуев жана “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКнын директору К.Усубаматов кол коюшту.

Эске салсак, ушул жылдын 11-майында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу компаниясы" ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Меморандумга ылайык, ушул жылдын аралыгында «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы Бишкек шаарынын каттамдарына газ менен иштеген өзбек өндүрүшүнүн жапон ISUZU брендинин 350 экологиялык автобустарын жеткирүүгө милдеттенет. Келишимдин шартына ылайык, автобустардын биринчи партиясы 2021-жылдын 1-июлуна чейин шаардын каттам линияларына жеткирилиши керек.