Быйыл өлкөбүздө кыргыз милициясынын түзүлгөн  күнүн 91 жылдыгы белгиленүүдө. Бул майрам  кайраттуу, эр жүрөк, элдин сыймыгына татыктуу, эл жербизди, коомду кылмыштардан коргогон, элибиздин тынччылыгын жана бейкутчулугун сактаган эр азаматтардын майрамы.


Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын алдында бир нече жооптуу маселелер жана милдеттер бар. Алардын башкы милдеттери — коомдук тартипти сактоо, мыйзамдын ар кандай бузулушуна жол бербөө, анын талаптарын так жана таза  аткаруу.


Албетте, сиздердин ишиңиздер оор. Күн түн дебей, иштеп, элибизге кызмат кылып жатасыздар. Сиздердин ишиңердин аркасында гана Кыргызстан туруктуу, өнүккөн, укуктук жана демократиялык мамлекетке айланат деп ойлойм.


Сиздер билгендей, учурда биз 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” программасы иштеп чыктык. Аталган программа КООПСУЗ, ЫҢГАЙЛУУ жана ИЙГИЛИКТҮҮ шаарга багытталган. Биз сиздер менен сөзсүз Коопсуз, Ыӊгайлуу жана Ийгиликтүү шаарды курабыз депишенем. Коопсуз шаарды курууда сиздердин эмгегиӊиздер зор экендигин белгилегим келет.

Эң татаал учурларда кыйынчылыктардын, тоскоолдуктардын алдында баш ийбей өз милдетиңерди татыктуу аткарып, кылмыштуулукка  каршы күрөш жүргүзүп, муктаж болгон ар бир адамдан жардамыңарды аябайсыздар деп ишенем.


Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери!


Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктаймын!


Сиздерге чын ден соолук, үйбүлөңүздөргө бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Ар дайым эл жерибизди коргоп, ак кызмат кылышыңыздарга тилектешмин!


Сиздерди тереӊ урматтоо менен,
Бишкек шаарынын мэри                                   К.Кулматов