Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов,  вице-мэр Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, Маданият башкармалыгынын башчысы Малик Ракишев жана маданият тармагынын кызматкерлери катышты.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов маданият тармагынын кызматкерлерин куттуктап, ардак грамоталарды тапшырды.


Ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланды:


Маданият башкармалыгынын башкы эсепчисинин орун басары - Айканыш Карагазиева, №7 Балдар музыкалык мектебинин мугалими - Евгения Холод, «Кыргыз Руху» ансамблисинин солисти Гульназ Жанадилова, «Сувенир» ансамблисинин солисти Наталья Лысенко, «Семетей» ыр жана бий ансамблисинин солисти - Тилек Найманбаев, №5 Балдар музыкалык мектебинин мугалими - Ольга Шурова, Борборлоштурулган китепкана тутумунун башкы методисти - Дамир Усубалиев, №6 китепкананын жетекчиси - Айшаке Жээнтаева, №1 Балдар музыкалык мектебинин мугалими - Алексей Полянский, Ж.Шералиев атындагы балдар мектебинин мугалими - Татьяна Нетупская, Маданият башкармалыгынын жетектөөчү адиси – Алина Ишенбай кызы.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолду.