Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-майында "Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системин жакшыртуу" долбоорунун алкагындагы иштерди жандандыруу максатында эстониялык "Ранд жана Туулберг курулуш компаниясы" ачык акционердик коомунун бөдрөтчүлөрүнүн биринчи партиясы келген.

Ал эми июнь айынын ортолорунда вакцинация жана жумушчу визаларын алгандан кийин бөдрөтчүлөрдүн экинчи партиясынын келиши күтүлүүдө.

Буга чейин долбоорго байланыштуу бардык иштер пандемиядан улам 14 айга токтотулган. Учурда долбоор боюнча келишимди 17 айга чейин узартуу пландалып жатат.

Белгилей кетсек, катуу тиричилик калдыктары төгүлүп жаткан шаардык таштанды полигонунун аймагы дагы 3,8 гектарга кеңейип кеткенине байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы баанын жогорулашы  күтүлүүдө. Бул маселе жерди колдонуу боюнча мамлекеттик актыны алган соң жана  рекультивацияны талап кылган кошумча аймактарды эске алуу менен долбоордун документациясы бекитилгенден кийин, долбоордун инженери жана бөдрөтчүсү менен талкууланат.

Долбоордун алкагында эски таштандынын жер кыртышы  толугу менен кайра иштетилет. Жер кыртышынын үстү 0,5 метр чопо катмары менен жабылса,  0,2 метр жер семирткич катары колдонулган түшүмдүү катмар менен жабылып, ал айыл чарба жерлерине айландырылат.

Таштандынын  метан бөлүп турган активдүү жерлери, түтүн жана өрт чыгып турган жерлери  Реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча Европа банкынын: BSWM-6 "Тиричилик калдыктары төгүлүп турган таштандыны рекультивациялоо жана жабуу" долбоорунун  жана "Ранд жана Туулберг"  бөдрөтчү  компаниясынын  1 596  900 евро турган келишиминин таасири астында турат. Келишимге 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган. Келишимдин предмети - учурдагы таштандыны долбоорлоо, рекультивациялоо жана жабууну FIDIC ( фр.Federation internationale Des Ingenieurs-Conseils -  кыр. Курулушка карата келишимдин шарттары) "Сары китебинин" шарттарына ылайык ишке ашыруу.

Шаардык таштанды полигонунун расмий аянты  40,8 гектарды түзөт. Таштанды полигонунун аймагын 3,8 гектарга кеңейтүү жана шаар куруу боюнча корутундуну алуу иштери жүрүп жатат. Оң чечим чыгып калса, таштандыны рекультивациялоо боюнча долбоордук документация Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин сунуштамаларын эске алуу менен кайрадан макулдашууга жөнөтүлөт, ага ылайык таштанды полигонунун рекультивациядан өтүүчү аймагы 44,6 гектарды түзүп калат.

"Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системин жакшыртуу" долбооруна  2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы  Жогорку Кеңештин ратификациясынан өткөн. Долбоордун жалпы наркы - 22.0 млн евро.