Бишкек шаарынын  мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү мыйзамсыз орнотулган объектилерге каршы тынымсыз күрөшүп келишет.

Жолду реконструкциялоо долбоорунун алкагында Кулатов көчөсү №56 дарегиндеги  капиталдык тосмо бузулду.

Түштүк -2 кичи районундагы эки күркө алынды. Түшүндүрүү иштеринен кийин ал жерде дагы 3 күркө өз ыктыяры менен ээлери тарабынан демонтаждалды.

5-кичи райондо жана 35-үйдүн жанында эки соода күркөсү алынды. Ахунбаев жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде арка демонтаждалды.

Биздин команда Чалдыбар көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган эки күркөнү жана турак вагонун алышты.  Герцен көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан "Стекляшка" дүкөнүнүн кошумча курулушу түрттүрүлдү.

Жибек-Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишиндеги темир тосмо,  Будённый көчөсүнүн боюндагы  темир дарбазалар алынды.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз мыйзамсыз орнотулган объектинин күбөсү болуп калсаңыз, анда 0707 48 61 62 телефону аркылуу фото жана видео фактыларды жөнөтүңүз.