Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы   коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүүдө.

Таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытканы үчүн жаран Э.Телешуевге, Фиеста Трейд (Рыскулова-Чымкентская көчөлөрүнүн кесилиши) жана Бурана Гранд (Токомбаев көчөсү 23/3) компанияларына   айып пул салынды. Мындай мыйзам бузуу Кыргыз Республикасынын  "Бузуулар жөнүндө"  кодексинин 70-беренеси боюнча 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул төлөөгө алып келет.

Таштанды калдыктарын таштагандыгы жана өрттөгөндүгү үчүн Байтик Баатыр көчөсү №98 дарегинде жайгашкан "Фреш" кафесине, шаар тургундары  Н.Аккулаковго, Т.Тажибаевге, 71 берененин 1 бөлүгү боюнча айып пул салынды. Айып пулдун көлөмү жеке адамдар үчүн 5500 сомду, юридикалык жактар үчүн 17000 сомду түзөт.

Жеке ишкер Т.Гребневага карата 120-берене боюнча жашыл аянттарга келтирилген зыян үчүн 3 миң сомго протокол түзүлгөн. Ишкер оңдоо жайын жарнамалоо үчүн  уюлдук телефондорду бакка кадаган.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын тазалыгын сактоону суранабыз. Санитардык нормалардын жана  эрежелердин бузулгандыгына күбө болсоңуздар,  Санитардык-экологиялык инспекциясына   0705564756 номери аркылуу кайрылыңыздар.