Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Азат Узаков, калаанын вице-мэри Азамат Сагындык уулу, Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев
жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болотбек Апиловдун катышуусунда "Бугу-Эне-Багыш" конушуна көчмө жыйын өткөрүлдү.

Жолугушуунун катышуучулары суу чыпкасын жана электр чубалгыларын орнотуу, жолго шагыл төгүү маселелерин талкуулашты. Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча,  103 электр берүү чубалгысынын 49 таянычы орнотулган.

Талкуунун жыйынтыгында Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына   суу чыпкасын иштөөсүн кармоо  үчүн генераторду тез арада орнотуу, ошондой эле суу чыпкасын тейлөө үчүн орнотулган контейнерди талапка ылайык келтирүү тапшырмасы берилди. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин №14 МАБга конуштун  көчөлөрүн шагыл менен толтуруу тапшырылды.