"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги Соода үйүнүн жанындагы сейил бакта тышкы жарыктандыруу иштерин жүргүздү.

Азыр сейил бакта 18 светодиоддук чырак орнотулуп, 180 метр электр зымдары тартылды. Бардык жерге орнотулган чырактар ишкананын цехинде жасалган.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө жарыктандыруу өчүп калса, анда ишкананын  авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу суроо-талап калтырсаңыздар болот: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" социалдык тармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312;
Instagram: @mp_bishkeksvet;
Twitter: @Bishkeksvet.

Эске салсак, буга чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасы сейил бакты иретке келтирген.

Ишкананын кызматкерлери отургучтарды, балдар аянтчасын, таштанды челектерди, фонтандарды сырдап оңдоо иштерин жүргүзүп, чөптөрду чаап, жашыл тосмолорду кыркып, эски таман таштарды алмаштырып тазалоо иштерин өткөргөн.

Ошондой эле, фонтан да иретке келтирилип, сырдалып, оңдолуп, ишке киргизилди.

Бул сейил бак жакында ишкананын балансына өткөрүлүп берилет, учурда ал жерде тазалоо иштери графикти бузбастан жүрүп жатат.