Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Сатыбек Каныбековдун жетекчилиги алдында МАБ башчылары жана райондук кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кезектеги пландык кеңешме болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Биринчи май районунун Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн жана “Коломто” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 5 айында аткарган иштеринин отчеттору каралды.

Пландык кеңешменин жыйынтыгында Биринчи май районунун Өзгөчө кырдаал бөлүмүнө өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана райондогу мыйзам бузууларды аныктоо, ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча көп кабаттуу турак үйлөрдү текшерүү үчүн тиешелүү кызматтар менен комиссиялык көчмө жыйындарды уюштуруу тапшырылды.

Акимдин орун басары М.Аскарбековго жана МАБ башчыларына жашыл аянтчалардын талаптагыдай каралышын жана убагында сугарылышын көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.