Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардыктар, уюмдар жана ишканалар менен биргеликте көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоо боюнча иш алып барууда.

Инспекциянын кызматкерлери «Шоро» ЖАКтын жетекчилиги менен суусундуктарды сатуу пункттарында санитардык ченемдердин сакталышын жеке көзөмөлгө алуу жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин өкүлдөрү менен жашыл бактарга зыян келтирбөө жана көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Альфа Телеком" ЖАКка жана "Нур Телеком" ЖЧКсына карата "Бузуулар жөнүндө" Кодекстин 120-беренесине ылайык протокол түзүлгөн. Эки компаниянын байланыш операторлору тарабынан, жашыл аянтчаларды бузуу фактылары аныкталды.  "Альфа Телеком" жана "О!" байланыш операторлору Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги жашыл аянтчаларда кол чатырлар жана таштандыларды сакташкан. Алар буга чейин аталган кызматтан эскертүү алышкан.

Урматтуу шаар тургундары! Кеңселериңиздин жана үйлөрүңүздүн айланасында, көчөлөрдө жана аллеяларда тазалыкты жана тартипти сактоону суранабыз. Санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелеринун бузулушуна күбө болсоңуздар,  Санитардык-экологиялык инспекциясына  0705564756 номери аркылуу билдирүү калтырыңыздар.