Октябрь районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекованын жетекчилиги алдында балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумга Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, №6 БҮМБнун, БҮМБнун өспүрүмдөр дарыгери, социалдык кызматкерлер катышты.

Катышуучулар «SOS-Балдар айылынын» үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунун жашы жете элек өспүрүмдөргө үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча материалдар каралды. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдү үй-бүлөлөр менен байланыштыруу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мүлктөрүнүн сатылышы, балдарды коргоо боюнча жеке пландарды жана үй-бүлөлөр менен жеке иштөө пландарын бекитүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында социалдык кызматкерлерге райондун МАБдары менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу иштерин  тынымсыз жүргүзүү тапшырылды.