Гидрометеорологиялык борбордун билдирүүсү боюнча, 10-июнда Бишкек шаарында туруксуз аба ырайы күтүлүп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетиши мүмкүн.

Кырсыктардан жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн Бишкек мэриясы автоунаа айдоочуларга унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы объектилердин жанына токтотпоону  сунуштайт.

Урматтуу шаардыктар! Катуу шамал болгондо этият болуңуздарды өтүнөбүз.

Эгерде сиз бак-дарактардын же башка нерселердин кулагандыгына күбө болсоңуз, анда биз менен байланышыңыз: 1840, 1850. Бишкек шаардык мэриясынын WhatsApp каналы фото жана видео фактылар үчүн иштеп жатат: 0554182185.