"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы конуштардын  жол жээгин тегиздөө боюнча жигердүү иш алып барышууда.

2021-жылга шагыл төшөө боюнча титулдук тизмеде узундугу 40.030 погон метр болгон 61 көчө бар.

Ленин районунда М.Казиев көчөсүн  Муромский көчөсүнөн Циолковский көчөсүнө чейинки жолго шагыл төгүлүп, тегизделди. "Ак-Ордо" жаңы конушунун  Садыр-Аке көчөсүндө  ы Долон-Бий көчөсүнөн  Гүл-Ордо көчөсүнө чейин  жумуштар аяктап калды.   Ак-Ордо көчөсүнүн Долон-Бий көчөсүнөн Гүл-Ордо көчөсүнө чейин шагыл төшөө иштери башталды.

Ленин районундагы төмөнкү  көчөлөргө шагыл төгүү пландалууда:

- Тайлак-Баатыр көчөсү  Гагарин көчөсүнөн  Сокулук районунун Жеңиш көчөсү менен чек арага чейин;

- Кочкор-Ата көчөсү  Гагарин көчөсүнөн Сокулук районунун көчөсү менен чектешкен жерге  чейин;

- Солтон-Сары көчөсү  Көк-Асаба көчөсүнөн  Ак-Ордого чейин;

-  Кырк-кыз  көчөсү М.Өмүракуновдон Каховскаяга чейин ("Ак-Өргө" турак-жай массиви);

-  Кербез көчөсү  М.Өмүракунов көчөсүнөн  Өмүр көчөсүнө  чейин;

-  Кун көчөсү  Ашар көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейин;

-  Ай көчөсү  М.Өмүракунов көчөсүнөн  Ашар көчөсүнө  чейин;

- №4 МАБ;

-  Абдрахманов көчөсү  Ж.Шералиев көчөсүнөн  А.Чортеков көчөсүнө чейин;

- Сары-Булуң көчөсү  Жайыл-Баатыр көчөсүнөн Күйүков көчөсүнө чейин;

- Кара-Кужур көчөсү  Чортеков көчөсүнөн  Арча-Бешикке чейин;

- Садыбакасов көчөсү  Ахунбаев көчөсүнөн Күйүков көчөсүнө чейин;

-  15- көчө Абдрахманов көчөсүнөн  Жаңы-Турмуш көчөсүнө  чейин.

Октябрь районунда шагыл төгүү иштери "Алтын-Ордо" жаңыв конушунда № 1, 4, 5, 7 жана 9 көчөлөрүндө ЧЧКнан көчөлөрдүн аягына чейин, ошондой эле Шаты көчөсүндө Кара-Жыгачтан Субан-Ата көчөсүнө чейин жана Каркыра көчөсү Кожояр көчөсүнөн Сары-Жаз көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Жолдорду түздөө иштери Берекет көчөсүндө Оберон көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейин башталды.

План боюнча төмөнкү көчө бөлүктөрүнө шагыл төгүлөт:

- 2-чи көчө  Маматкуловдон Анкарага чейин("Рухий-Мурас" турак-жай массиви);

- 6- көчө  Маматкулов көчөсүнөн  Анкара көчөсүнө чейин;

- Бакай көчөсү  Кара-Жыгачтан Кожомкул көч. чейин;

-  Кыдыр-Аке көчөсү  Анкара көчөсүнөн  Исакеев көчөсүнө  чейин;

- Молдокулов көчөсүндөгү таштанды аянтчасы  (№182 мектепке чейинки билим берүү мекемеси);

- Чар көчөсү  Конорчок көчөсүнөн  7-апрелге чейин ("Көк-Жар" турак жай массиви);

- Шапак көчөсү Молдокулов көчөсүнөн Керемет көчөсүнө  чейин.

Жакынкы күндөрү Биринчи май районунун турак-жай конуштарындагы жолду тегиздөөнү баштоо пландаштырылууда. Титулдук тизмеге райондун төмөнкү көчөлөрүнүн бөлүктөрү кирет:

- Кызыл-Алма  көчөсү ЧЧКдан Көкчетай көчөсүнө  чейин ("Салам Алик" турак-жай конушу);

- Жерге-Тал көчөсү ЧЧКдан Көкчетай көчөсүнө чейин ("Салам Алик" турак-жай конушу);

- Эркин-Сай көчөсү Манас көчөсүнөн  Көкчетай көчөсүнө чейин ("Салам Алик" турак-жай конушу);

- №14 МАБ;

-  Мурас көчөсү Үмүт көчөсүнөн Мыскал көчөсүнө чейин  ("Көлмө" турак-жай массиви);

- Максат көчөсү ("Көлмө" турак-жай массиви);

- Кулиев көчөсү ЧЧКдан Максатка чейин ("Колмо" турак-жай массиви);

- Пригородный-4 көчөсү  Новаядан Боталиевге чейин (Жеңиш турак-жай массиви);

-  Боталиев-1 көчөсү  Пригородная-2ден Пригородная-3кө чейин (Жеңиш турак-жайы);

- Скандинавия көчөсү  Ленская көчөсү Коммунарий көчөсүнө  чейин;

- №15 МАБ;

- "Тынчтык" жаңы конушу  Тынчтык-8 (Жеңиш);

- "Тынчтык" жаңы конушу Тынчтык-9 (Ынтымак);

- "Балбан Таймаш" жаңы конушу. Профсоюз көчөсүнөн  Балбан Таймаш-12 көчөсүнө чейин,  унаа жуучу жайга чейин;

- № 16 МАБ;

- "Ак-Босого" жаңы конушу: Чүй-11 (420), Чүй-6 (400) көчөсү;

-№81 мектепке баруучу Безымянный көчөсүнүн эки тарабы тең  (Ак-Босого турак-жайы);

- "Калыс-Ордо" жаңы конушу ,  103 көч;

- "Мурас-Ордо" жаңы конушу,  13 көч.

Свердлов районунда Ак-Тилек жаңы конушундагы үч көчөгө шагыл төгүлгөн:  Мажүрүм-Тал Ак-Тилектен Жерге-Тал көчөсүнө, 2- чи жана 8-чи көчөлөрүнө  чейин. Ошондой эле төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрүндө иштерди жүргүзүү пландаштырылууда:

- №19 МАБ;

-  Ж.Огонбаева көчөсү  Мин-Булак  көчөсүнөн  Учкун 6, Кайыңды көчөлөрүнө  чейин ("Учкун" конушу);

- №20 МАБ;

- 5-көчө МЧКдан  Широкая көчөсүнө чейин ("Кайыңды" турак-жай конушу);

-  Широкая, 11 көчөлөрү №1 участоктон № 16к участокко чейин ("Керамика" турак-жай массиви);

- "Дачная-Керченская-Суворов-БЧК" турак-жай конушу, Сүйүмбаев көч. (эски жол)  Суворов көч.;

- "Ак-Тилек Турбаза" жаңы конушу;

-  "Кызыл куруучу" конушу, №78  кварталы;

- "Ак-Бата" конушу, Орто көчөсү Айланма жолдон  № 14 көчөгө чейин;

- "Дордой" конушу, № 3 көч.;

- "Дордой" конушу,  Ибраимов 6, Дордой 17 көч.;

-  "Келечек" конушу, №4  көчөсү  Келечек 15 көчөсүнөн  Курманалиев көчөсүнө чейин;

- "Бакай-Ата" конушу  Алмамбет көч.,  Ж.Нургазиев көчөсүнөн . Бакай-Ата көчөсүнө чейин жана  Анар көчөсүнөн  Ак-Уул көчөсүнө чейин.