Вице-мэр Виктория Мозгачеванын төрагалыгы астында борбор калаанын муниципалитетинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү.

Комитеттин курамына борбордун вице-мэрлери, административдик райондордун башчылары жана тиешелүү шаардык кызматтардын башчылары кирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Комитет Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 21-сентябрындагы №177 "Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 102-б, Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 1-июнундагы № 116- р буйругун  ишке ашыруу максатында түзүлгөн.