Борбор калаанын акимчиликтеринде социалдык маанилүү оорулар боюнча көп тармактуу ведомстволор аралык координациялык комиссиялардын отурумдары өттү.

Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаеванын төрагалыгы астында райондук МАБтын башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү жана райондун активисттери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда социалдык маанидеги оорулар: коронавирус, кургак учук, вакцина менен алдын алуучу инфекциялар, баңгилик, ичеги-карындын курч инфекциясы, эмдөө жана иммунопрофилактика талкууланды.

Эпидемиологиялык кырдаал боюнча отчет шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Республикалык наркология борборунун жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен  үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери тарабынан берилди.

Башчынын орун басары райондук МАБтын башчыларына, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларына, анын ичинде шаардык, райондук кызматтар жана саламаттыкты сактоо уюмдарына калкка социалдык-маанилүү оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Свердлов районунун акимиатында жай мезгилинде актуалдуу болгон курч ичеги-карын инфекцияларынын, кене энцефалитинин, кутурма жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу маселелерин талкуулады.

Чоңдор арасындагы эң көп кездешкен оору - гипертония, ошондой эле кош бойлуулук учурундагы COVID-19 оорусу жөнүндө маалымат угулду.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк медицина борборунун кардиологу жана №1- төрөт үйүнүн дарыгери отчет берди.

Урматтуу щаардыктар! Сураныч, жаратылышка чыкканда этият болуңуздар, кенеден коргонуучу каражаттарды колдонуңуздар. Эгер сизди ит же мышык тиштеп алган болсо, анда бизге төмөнкү телефон номерлери жана даректер боюнча кайрылыңыздар:

- Социалдык реабилитация борбору (Манас проспектиси, №41, Рабиология кабинети-№41) - 318556;
- "Тазалык" муниципалдык ишканасы (Ростов көчөсү, №19б) - 345102;
- БГИВФБ (Орозбеков көчөсү, № 253) - 370173;
- Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы (Байтик Баатыр көчөсү, №36 а) - 544546.